COVID-19 илдети менен күрөшүп жүрүп, ооруну жугузуп алган медкызматкерлер компенсация ала албай убара

21 октября 2020 13:10 1258 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирус илдети күч алып турган маалда өз өмүрүн тобокелге салып, элибиздин саламаттыгына салымын кошкон айрым дарыгерлер мамлекет тарабынан берилчү кошумча маянасын жана өздөрү да илдетти жугузуп алгандыктан, аларга бөлүнгөн компенсацияларды ала албай жатканын айтып “Барометрге” кайрылды.

Токтогул районунун Үч-Терек айылынына караштуу Чилдебай Орозов атындагы ооруканасынын терепия бөлүмүнүн медкызматкерлери коронавирус илдети күч алып турган маалда орулуулар менен түздөн-түз иштешип, мамлекет тарабынан берилчү компенцасия жана кошумча айлык акысын ала албай жатканын айтты.

“Биздин оорукана илдет күч алган июль айында коронавирус жана пневмония менен ооруган оорулууларды кабыл алып жаттык. Инфекция бөлүмүндө орун жетишпей калгандыктан оорукананын башкы дарыгери Орозов Мээримбектин буйругу менен терапия бөлүмүнө да коронавирус жана пневмония илдети менен ооругандарды кабыл ала баштадык. Эки медайым, бир кенже кызматкер 24 саат боюу күн алыстан оорулууларды карап жаттык.  Үч медкызматкер 24 күн эч кандай шарттары жок жерде түнү-күнү дебей 21 бейтапты карап, сакайтып чыгардык”, - деди аталган оорукананын медайымы Мамытова Мария.

Ал 27 жылдан бери аталган ооруканада эмгектенерин айтып. 30-июлда өзү да эки тараптуу пневмония илдети менен ооруп, Токтогул райондук ооруканага жатып чыкканын айтты.  

“30-июлда дене табым көтөрүлүп, дем алуум начарлап ооруканага кайрылсам мен дагы COVID-19 илдетин жугузуп алыптырмын. 10 күн дарыланып, кудайдын буйругу менен сакайып чыктым. Менин артымдан эле башка кесиптештерим да ооруп, дарыланып чыгышты. Июль айында Кыргыз Республикасынын өкмөтү коронавирус менен күрөшкөн медкызматкерлерине кошумча айлык маянасын төлөп берүү буйругун чыгарган. Бирок, биз иштеген күндөрүбүзгө кошумча маяна ала албай келебиз. Бизге мурунку эле алып жүргөн айлыкты эле төлөп беришти. Ошондой эле, оору жугузуп алган медкызматкерлерге төлөнүүчү компенсацияны да ала алган жокбуз”, - деди медайым.

Алар тийиштүү документтердин баарын тапшырганын айтып, бүгүнкү күнгө чейин жоо ала албай жатканына токтолушту.

“Биздин жетекчи Мээримбек Орозов Жалал-Абад облсунунун  ден соолукту камсыздандыруунун милдеттүү фондуна кайрылган. Ал жак эч кандай кошумча айлык жана компенсация төлөнбөйт деп коюптур”, -деп кошумчалады.

Медайыдар өкмөттөн жана Саламаттык сактоо министрлигинен оң жооп болот деген үмүт менен кайрылуу жолдошту.

Кыргызстан үчүн 2020-жылдын июль айы абдан оор болду.  Жалпы Республика коронавирус илдети менен жан үрөп күрөштү. Региондор да аталган оору менен күрөшүүдө чоң күч жумшашты. Региндор эмес борбор калаа COVID-19 илдетине туруштук бере алабай, ооруканаларда орундар жетишпей, дарыгерлер күдөп-түндөп иштеп, элибизди кыйын кырдаалдан чыгарып кетишти. Бирок, бүткүл дүйнөлүк пандемияда жугуштуу оору менен бетме-бет күрөшкөн ак халатчандардын эмгеги мамлекет тарабынан бааланбай жатканы өкүнүчтүү.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-uchurunda-oorunun-ochogunda-ishtep-covid-19-ildetin-zhuguzup-algan-medkyzmatkerler-kompensaciya-ala-albaj-ubara



Добавить комментарий