Коронавирус пандемиясы качан толук аяктары айтылды
Коронавирустун пандемиясы 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу URA.RU булагына россиялык иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Ал 2023-жылдын соңуна карата дүйнөдө жагдай турукташып калат деп болжолдойт.
“Россияда андан эртерээк бүтүшү мүмкүн.Эң негизгиси бул аралыкта өлүмдүн саны азайып жана жаңы мутацияланган вирустар болбосо болду. Бул жагдайды жөнгө салууга жана пандемияны токтотууга өбөлгө болот”,-деп түшүндүрдү Крючков.
Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюмунун акыркы эсептөөлөрүнө караганда пандемия башталгандан бери дүйнөдө 217 миллион адам коронавирус жуктурса, анын 4,5 миллиону каза тапты.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-pandemiyasy-kachan-toluk-ayaktary-ajtyldy
Добавить комментарий ×