Коронавирус Кыргызстандагы эл каттоого тоскоолдук болбойт

17 марта 2020 11:56 670 Barometr
Поделиться в:
ok

23-марттан тарта 1-апрелге чейин боло турчу эл каттоого коронавирус тоскоолдук болбойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйында билдирди.

“Эл каттоо токтобойт, жүрөт. Себеби, алар үймө-үй кыдырып, кишилер менен жеке иш алып барат. Адистер дагы иш учурунда коопсуздук чараларын көрүп, коргоочу жаракаттарды тагынышы керек”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Өмүрбекова коронавирус боюнча Кыргызстандагы акыркы абал тууралуу маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча республикалык штабды жетектейт.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kyrgyzstandagy-el-kattoogo-toskoolduk-bolbojt



Добавить комментарий