Коронавирус кантип жугат, аны жуктурбаш үчүн эмне кылуу керек? Жөнөкөй эки кеңеш

4 февраля 2020 10:54 1837 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда жугуштуу оорулар боюнча эксперттердин консультативдин кеңешмесинин мүчөсү Цзян Жунмэн коронавирус кантип жугарын жана анын алдын алуу жолун айтып берди. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазды.

Ага ылайык, 2019-nCoV вирусу аба аркылуу киши жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө жугат. Демейде ал 1-2 метрге чейин жайылып, кишинин денесине сиңип калат. Ошол эле маалда коронавирус абада туруп калбайт. Андан сырткары вирус ооруган кишинин түкүрүгү аркылуу жерге түшүп, ага ден сак кишинин денеси тийген учурда жугат.

“Изилдөө көрсөткөндөй вирус тегиз нерселердин үстүндө бир нече саат жашай алат. Ошондой эле, нымдуулук менен жылуулук жагымдуу болсо бир нече күн жашайт. Мисалы нымдуулук 40%, ал эми жылуулук 20 градус болсо коронавирус беш күнгө чейин өлбөйт”, — дейт Цзян Жунмэн.

Андыктан вирусту жуктуруп албоо үчүн ооруган адамдардан оолак болуп, колду таза жууп туруу керек.

Былтыр декабрь айынын аягында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында чыккан вирус учурда 425 кишинин өмүрүн алды. Андан сырткары ал 20 миңге жакын кишиге жукканы айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kantip-zhugat-any-zhukturbash-chn-kyluu-kerek-zhnkj-eki-keesh



Добавить комментарий