Коронавирус дээрлик 166 миң кишинин өмүрүн алды

20 апреля 2020 09:40 1302 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус дүйнө жүзү боюнча 165 788 кишинин өмүрүн алып, 2,4 миллиондон ашык кишиге жукту. Ошол эле маалда 621 миңдей киши оорудан айыгып, үйүнө чыгарылган.

Сандарды карай турган болсок, оору жуккандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ алдыңкы орунга чыкты. Акыркы маалыматтар боюнча 759 118 кишиге оору жугуп, 41 379 киши каза болду. Андан кийинки орунда Испания турат. Ооруну 198 674 киши жуктурса, анын курмандагы 20 453 киши болгон. Алдыңкы үчтүктү Италия толуктайт. 23 660 киши оорудан көз жумуп, 178 972 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды.

Франция, Германия, Улуу Британия, Түркия, Кытайда дагы абал оор. Ооругандардан менен каза болгондордун саны артып жатат.

Коронавирус пандемиясы жер шарынын жарымынан көбүн өз кучагына алды. Саналуу гана мамлекеттер табылган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-deerlik-166-mi-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий