Коронавирус: COVID-19 тууралүү дүйнөдөгү акыркы кабарлар, Индиялык дарыгерлердин коркунучу, ДССУнун божомолу

30 сентября 2020 15:08 1030 Barometr
Поделиться в:
ok

30-сентябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 33 633 779 адамды түздү, анын 1 008 361и каза болуп, 24 883 005 айыгып кетти. Бул тууралуу ДССУнун сайтындагы маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Индиялык дарыгерлердин кооптонуусу

Индияда коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны 6 миллиондон ашты. Акыркы суткада эле өлкөдө 83 миңге жакын жаңы бейтап катталды. Ошол эле учурда, айрым эксперттер өлкөдө тестирлөө төмөнкү деңгээлде экендигин жана чыныгы сандар андан да жогору деп жатышат.

Индияда 14-ноябрда салтка айланып калган Дивали фестивалы өтүшү керек. Бул майрам кеңири белгиленип келе жаткан “жарыктар” майрамы. Адамдар үйлөрдү кооздоп, фейерверк жана ар кандай даамдарды сатып алып майрамдашат.

Адистер быйыл майрамдын алдында дүкөндөрдө аралыктар сакталбай, коронавирустун жайылышын шарттайт деп чочулап жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолу

ДССУ массалык эмдөө кийинки жылдын ортосунда таасирдүү болот деп билдирди.
"Бул убакыт аралыгында каза болгондордун саны эки миллионго жетиши мүмкүн. Учурда дүйнөдө 240ка жакын вакцина иштелип жатат, анын 40ы клиникалык сыноодон өтүп жатат, миңдеген адамдарга массалык түрдө текшерүү жүргүзүлүп жатат", -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 30-сентябрда  Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн ооруканалары дээрлик толуп калгандыгын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-covid-19-tuural-djndg-akyrky-kabarlar-indiyalyk-darygerlerdin-korkunuchu-dssunun-bozhomolu



Добавить комментарий