Коронавирус 95 миңден ашык кишинин өмүрүн алды

10 апреля 2020 09:17 650 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус пандемиясы 95 155 кишинин өмүрүн алды. Ал эми вирус дээрлик 1,6 миллион кишиге жукса, 352 902 киши оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.

Коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда. Кошмо штаттарында 462 135 кишиден коронавирус жукканы тастыкталган. Ал эми 16 513 киши өмүрү менен кош айтышкан. Экинчи орунда Испания. Европанын бул мамлекетинде 152 446 кишиге вирус жугуп, 15 238 кишинин өмүрүн алды. Андан кийин Италия турат. Италия каза болгондордун саны боюнча мурдагыдай эле биринчи орунда, ал эми оору жуккандардын саны жагынан үчүнчү орунда турат. Бул жакта  143 626 кишиге оору жукса, 18 279 киши өмүрү менен кош айтышкан.

Андан сырткары Европадагы Германия, Франция, Улуу Британияда абал оор бойдон калууда. Бул жакта каза болгондор менен ооруну жуктургандардын саны күн санап өсүүдө.

 Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 280 кишиге коронавирус жукканы ырасталып, 4 киши каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-95-miden-ashyk-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий