Коронавирус 910 кишинин өмүрүн алды

10 февраля 2020 09:44 986 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Эң акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 910 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу SCMP басылмасы жазды.

Ага ылайык, вирус 40 554 кишиге жуккан, ошол эле маалда 3 342 киши айыгып үйүнө чыгарылган. Ошентип бир суткада эле 97 киши каза болуп, 3 миңден ашык кишиге вирус жукканы аныкталган.

Белгилей кетсек, коронавирус 2019-жылдын декабрь айынын соңунан тарта Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында жайыла баштаган. Бул дарт кишиден кишиге дем алуу аркылуу жугат. Ал ортодо Кытай бийлиги вирус мутация болуп, дарылар таасир бербей калышы ыктымалдыгын эскертип, айрым шаарларды карантинге жапкан. Учурда 45 миллиондон ашык киши изоляцияга алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-910-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий