Коронавирус 302 миңден ашык кишинин өмүрүн алды

15 мая 2020 09:19 570 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдети 302 398 киши каза болду. Ошол эле маалда илдет 4 млн 442 миң 111 кишиге жукканы ырасталды. Ал эми 1 млн 586 миң 496 киши оорудан айыкты.

Ал ортодо АКШда коронавирус жуккандардын саны 1,4 миллиондон ашып, 85 884 киши оорунун курмандыгы болду. Коронавируска кабылгандардын саны боюнча Россия экинчи орунда 252 245 кишиден илдет табылып, 2 305 киши өлдү. Алдыңкы үчтүктү Улуу Британия толуктайт. Бул мамлекетте 234 440 кишиге вирус жугуп, 33 693 киши каза болду.

 Абал Испания, Италияда, Бразилияда, Францияда, Германияда оор. Аталган мамлекеттерде оору жуккандар жүз миңдеп саналат. Ал эми каза болгондор болсо оң миңдеп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-302-miden-ashyk-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий