Коронавирус 1,5 млн кишиге жугуп, 90 миңге жакын кишинин өмүрүн алды
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 1 миллион 512 миң 698 кишиге жукту. Ал эми 88 147 киши вирустан каза болду. Ошол эле маалда 330 702 киши оорудан сакайды.
Коронавирустан каза болгондордун сап башында Италия турат. Бул жерде 17 669 киши вирустун курмандыгы болду. Андан кийинки орунга АКШ (14 739) менен Испания (14 673) чыкты.
Ошондой эле, Европадагы мамлекеттерде коронавирус жуктургандар менен каза болгондордун саны күн санап өсүүдө. Германия, Франция, Улуу Британияда дагы абал оор.
Кыргызстанда акыркы маалыматтар боюнча 270 кишиден коронавирус тастыкталык, 4 киши өмүрү менен кош айтышты.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-15-mln-kishige-zhugup-90-mige-zhakyn-kishinin-mrn-aldy
Добавить комментарий ×