Коронавирус 1,4 миллион кишиге жукканы тастыкталды
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 1,4 миллиондон ашык кишиге жукканы тастыкталды.
South China Morning Post басылмасынын жазышынча, учурда вирус 81 558 кишинин өмүрүн алды. Ошол эле мезгилде 293 922 киши оорудан айыккан.
Мурдагыдай эле оору жуккандардын саны боюнча АКШ алдыда. Соңку маалыматтар боюнча 398 185 киши оору жуктуруп, 12 844 киши каза болду. Экинчи орунда Испания, 140 511 кишиге оору жукканы тастыкталып, 13 897 киши өмүрү менен кош айтышкан. Үчүнчү орунда Италия, 135 586 кишиге оору жугуп, 17 217 киши өлгөн.
Ошондой эле абал Германияда, Францияда, Кытайда, Иранда оор бойдон калууда. Бул мамлекеттерде дагы оору жуккандардан менен каза болгондордун саны өсүп жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда оору 228 кишиге жукканы тастыкталып, төрт киши өмүрү менен кош айтышты.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-14-million-kishige-zhukkany-tastyktaldy
Добавить комментарий ×