Коронавирус 1 264 адамга жугуп, 73 адам каза болду
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2нин жаңы 1 264 учуру каттылды. Бул тууралуу Республикалык штабка таянып “Барометр” билдирет.
Бишкек – 506 Ош – 61
Чүй облусу – 181 Ош облусу - 138
Талас облусу – 88 Нарын облусу – 29
Ысык-Көл облусу – 100 Жалал-Абад облусу – 113
Баткен облусу - 48
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар саны 1 264кө жетти.
Ошондой эле 70 медициналык кызматкерден коронавирус тастыкталды:
Бишкек ш. – 25 Чүй облусунда – 19
Ош ш. – 18 Ош облусунда – 1
Талас облусунда – 2 Жалал-Абад облусунда – 5
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2 269 учур катталды, алардын ичинен 600 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 25 047ге жетти:
Стационарда – 4 345, алардын ичинен реанимацияда – 70, оор абалда – 1 402, ооруканадан чыгарылды – 4 495, айыгып үй карантининен чыгарылды – 2 742, каза тапты – 858 адам.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны 73 адам:
Бишкек – 22 Чүй облусу – 2
Ош облусу – 15 Талас облусу – 2
Нарын облусу – 7 Ысык-Көл облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 19 Баткен облусу – 5
Жалпы коронавустан каза болгондордун жалпы саны 858ге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-1-264-adamga-zhugup-73-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×