Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

15 июля 2019 11:06 839 Barometr
Поделиться в:
ok

Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевди эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча Жазык кодексинин "Коррупция" беренсинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевдин кайда экендиги такталбагандыгына байланыштуу ага издөө жарыяланды. Сотко чейинки өндүрүш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/korgoo-keeshinin-eks-katchysy-busurmankul-tabaldievge-izd-zharyyalandy



Добавить комментарий