Кореяда фестивалда конокторго Кыргызстандан чыккан кургатылган жемиштер жана чай сунушталды

30 октября 2019 11:12 1115 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 24-26-октябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Сеул шаарында болуп өткөн Корея Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун “Public Diplomacy Week 2019” фестивалында Кыргызстанды 

презентациялады.

Фестивалда меймандар Кыргыз Республикасынын кооз жаратылышы, маданияты жана кыргыз элинин каада-салты менен тааныштырылды, ошондой эле өлкө жөнүндө көптөгөн кызыктуу факттар жөнүндө биле алышты. Элчиликтин кызматкерлери тарабынан меймандарга Кыргызстандан чыккан кургатылган жемиштер жана чай сунушталды.

Дипломатиялык фестивалдын алкагында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин консулу А. Канатбекова Кыргызстандын маданияты,туризми жана жалпы элдик дипломатиянын ыкмалары жөнүндө презентация жасады.  

Мындан тышкары, 24-25-октябрь мезгилинде Элчилик Кванджу шаарында (Корея Республикасы) болуп өткөн "Азия маданиятынын жумалыгы" фестивалына жана "Азия Маданият Борбору - Азия өлкөлөрүнүн Элчиликтери" конференциясына катышты. Бул иш-чаралар Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлиги менен Азия Маданият Борбору биргеликте уюштурган.

Фестивалда Элчилик тарабынан атайын павильон уюштурулган, ал жакта мамлекеттик улуттук кийизден жасалган буюмдар, кургатылган  жемиштер, бал жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргызстандан этникалык кореялык балдардын атайын чыгармасы болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө Корея менен Азия регионунун мамлекеттеринин ортосундагы маданиятты өнүктүрүү жаатында пикир алмашуу болуп өттү. Азия Маданият Борборунун президенти Ли Жин Сик мырза эки мамлекеттин маданият тармагындагы кызматташуунун оң өнүгүүсүн  белгиледи. Атап айтканда, борбор тарабынан уюштурулган «Манас» эпосуна арналган көргөзмөнү баса белгиледи. Азыркы учурда, ошондой эле Борбор тарабынан  кыргыз жомоктору корея тилине  которулган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/koreyada-festivalda-elchilik-tarabynan-atajyn-pavilon-uyushturulgan



Добавить комментарий