Корея Республикасынын премьер-министри Кыргызстанга келди
Бүгүн, 17-июлда Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргызстанга келди.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Манас» эл аралык аэропортунда аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.
Белгилей кетсек, Корея Республикасынын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда эки кыргыз-корея бизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле Кореянын премьер-министрин президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/koreya-respublikasynyn-premer-ministri-kyrgyzstanga-keldi
Добавить комментарий ×