Корея Республикасында элчи менен жолугушуусу болду

13 ноября 2019 17:33 1531 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 11-ноябрында Корея Республикасындагы “Сэмаыль Ундонг”  Борборунда Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова "Сэмаыль Ундонг" борборунун Президенти Чун Сун Ён мырза менен жолугушуп келечектеги айыл, өрөөндөрдү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча ой-пикир менен алмашышты. 

Элчи Кемелова 2019-жыл Кыргызстанда Айыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарлык кабыл алынганын маалымдады. Ошол себептен Корея Борбору “Сэмаыль Ундонг” аркылуу Кыргызстандын айыл чарба, туризм жана  инфраструктура багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырса болот, деп баса белгиледи. 

Жолугушууда, ушул багытта Кыргызстанда ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан Кыргызстандагы “Жаңы айыл чарба кыймылынын” Президенти Асан Жакыпов жетекчилигин айта кетсе болот. 

Борбордун Президенти Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргыз Республикасы өрөөндөрдү өнүктүрүүдө потенциалы чоң экенин жана бул багытта кызматташууда приоритетти түзөөрүн маалымдады. 

Ошондой эле Кыргызстандагы чакан долбоорлор алыскы аймактардын өнүгүшүнө киреше булагы боло аларын баса белгиледи. Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилерин, айыл лидерлерин тажрыйба алмашуу Корея Республикасында айылдарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен тренингдерди атайын катышуучуларынын санын көбөйтүү боюнча талкуулашты. 

Маалымат үчүн:

 “Saemaul Undong” - өзүнө-өзү жардам көрсөтүү  жана кызматташуунун  негизинде айылдардын  жана жергиликтүү коомдун  жашоочулары менен бирге жашоо-шарттын  сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берүү менен , жергиликтүү жамааттын өнүгүүсү үчүн түзүлгөн кыймыл болуп саналат.  Бул кыймыл 1970-жылы Корея Республикасында түзүлгөн. Азыркы учурда, "Saemaul Undong" 9 өлкөдө өз долбоорлорун  ийгиликтүү жүргүзүп келет.

Борбордук Азиядан  бул кыймылга  Кыргыз Республикасы катышат.


Ссылка: https://barometr.kg/koreya-respublikasynda-elchi-menen-zholugushuusu-boldu



Добавить комментарий