Бишкекке Корея жана Вьетнамдан учуп келген 42 жаран обсервацияга жаткырылды

24 июня 2020 17:46 986 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекке Корея жана Вьетнамдан Кыргызстандын жарандары учуп келишти. Бул тууралуу "Барометрге" Республикалык штаб билдирди.

Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, Корея менен Вьетнамдан Кыргызстандын 42 жараны кайтып келди.

Алар бүгүн, «T-way» авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик рейси менен учуп келишти. Бул рейс Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасынан жана Кореянын, Япониянын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын Кыргызстандан алып чыгарып кетүү үчүн Корея тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулулган.

 Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн, чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө, анын ичинде өнөктөн-өлкөлөрдүн кызматташуусунда кайтаруу жолдорун издөө улантылат.



Ссылка: https://barometr.kg/koreya-menen-vetnamdan-kyrgyz-respublikasynyn-42-zharany-kajtyp-keldi



Добавить комментарий