Кордайдагы жаңжалдан кийин Кыргызстанга келген элди чек арадан ысык тамак менен тосуп алышты

8 февраля 2020 19:09 3051 1 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Казакстандын Кордай районундагы Масанчи айылында чыккан жаңжалдан улам Кыргызстанга келип жаткан казак дунгандардын кыргыз тарап чек арадан ысын тамак менен тосуп алып жатты. Бул тууралуу kloop.kg басылмасы жазды.

Ага айылык, Казакстандагы дунган диаспорасы Кыргызстандагы диаспорадан Масанчи айылынын тургундарына жардам берүүнү суранган.

Социалдык тармактарда тараган сүрөт-видеолордон чек арадан негизинен аялдар менен баш балдар өтүп жатканын көрүүгө болот. Өз кезегинде Кыргызстандын чек ара кызматы “Токмок” менен “Кең-Булун” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктарында кишилер көбөйгөнүн маалымдаган.

Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлдөрү чек арадан өткөндөргө ысык-тамак жана суусундуктарды беришкен. Андан сырткары автоунаа менен Кыргызстандагы туугандары менен тааныштарыныкына жетип алууга көмөк көрсөтүшкөн.

Жаңжал Масанчин айылынан тышкары Аухатты жана Сортобе айылдарында чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/kordajdagy-zhazhaldan-kijin-kyrgyzstanga-kelgen-eldi-chek-aradan-ysyk-tamak-menen-tosup-alyshty



Добавить комментарий

  • бизге бул дунгандарле жетпей жатыле буларда башташат кийин биз анан буларды каяка кубалайбыз казак туугандарга уят Болдук эми аларда чегарасын жабат ошондо коробуз