Кордайдагы окуядан улам Казакстандан Кыргызстанга 21 миңден ашык киши келген

13 февраля 2020 15:59 873 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Кордайдагы окуядан кийин Кыргызстанга келген казак жарандары кайтып жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын чек ара көзөмөлү боюнча башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кордай районунда болгон окуядан кийин “Токмок”, “Кең-Булуң”, “Ак-Тилек” жана башка көзөмөл өткөрүү пунктары күчөтүлгөн тартипте иштеген. Ошондой эле, Казакстандан Кыргызстанга өтүүнү каалагандарга чектөө киргизилген эмес. Казакстандыктар негизинен 7-8-февралда көп өткөн. Казак тараптын маалыматы боюнча чек арадан 20 миңден ашык киши өткөн.

Чек ара кызматынын маалымат кызматынын башчысы Гүлмира Бөрүбаева чек арадан өткөн ар бир жарандын документтери болгонун жана аларды тепловизор менен текшерилгенин кошумчалады.

Ал ошондой эле, Токмок шаарына жакын жердеги төрт көзөмөл өткөрүү пунктарынан 7-февралдан 9-февралга чейин Казакстандан Кыргызстанга 21 миңден ашык киши өткөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Казакстандын Кордай районунда 7-февралдын кечинде массалык жаңжал чыгып, онго жакын кишинин өмүрүн алган. Маалыматтарга ылайык, казак улутундагылар менен дунгандардын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен ондогон турак-жайлар күйүп, соода борборлору өрттөнгөн. Андан сырткары он чакты автоунаа талкаланган.

Ссылка: https://barometr.kg/kordajdagy-okuyadan-ulam-kazakstandan-kyrgyzstanga-21-miden-ashyk-kishi-kelgen



Добавить комментарий