Кор болгон мигранттар. Россияда кыргыз бала сабалып, укук коргоо органдары тарабынан тергөө болгон эмес
Кыргызстандык жаран Россиядан сабалып, бети-башынан оор жаракат алып, аймактык ооруканага түшкөн. Бирок бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынган эмес. Учурда ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Арбат району боюнча бөлүмү менен бирдикте бул ишти тыкыр иликтеп, шектүүгө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуянын чоо-жайы:
2019-жылдын 28-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө 25-январь күнү Москва шаарындагы Н. И. Пирогов атындагы №1 шаардык клиникалык ооруканага Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1998-жылы туулган А.Х. аттуу жашоочусу бети менен башынан оор жаракат алып түшкөндүгү боюнча маалымат келген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү шаардык-клиникалык ооруканага барышып, жабырлануучунун туугандары менен жолугушуу уюштурулуп, окуя боюнча териштирүү учурунда А.Х. аттуу жаран Москва шаарынын Арбат районунда “Жилищник” мамлекеттик бюджеттик мекемеде расмий түрдө короочу болуп иштээри аныкталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Арбат району боюнча бөлүмү менен бирдикте төмөнкүлөрдү аныкташкан: 25-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында коммуналдык чарбачылыктын жумушчусу жумуш берүүчү тарабынан сабалган, бирок №1 шаардык клиникалык ооруканага түшкөндө алган жаракаты “өндүрүштөн” алынган деп көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу жогорудагы факты криминалдык жаракат катары катталбай, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынган эмес. Окуяны териштирүүдөн соң жабырлануучунун арызын аймактар боюнча каттоо үчүн №1 шаардык клиникалык ооруканадан тактама алынган. А.З. аттуу жарандын арызы Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Арбат району боюнча бөлүмүнүн кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо китебине катталган. ИИМдин Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Арбат району боюнча бөлүмү менен биргеликте көрүлгөн тиешелүү чаралардын натыйжасында, шектүүнүн өздүгү такталып, ал Арбат районунда “Жилищник” мамлекеттик бюджеттик мекемеде башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Россия Федерациясынын жараны 1980-жылы туулган Г.Н. аттуу болуп чыкты.
Азыркы учурда шектүүгө карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Саламаттыкка атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгондугун жана Г.Н. аттуу жаран кармалгандыгын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда иликтөө иштери башталды.
Добавить комментарий ×