Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди

25 августа 2021 14:57 1494 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;

- Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы;

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:

- Жогорку Кеңештин Төрагасы;

- Министрлер Кабинетинин Төрагасы;

- Президенттин Администрация башчысы;

- мамлекеттик катчы;

- башкы прокурор;

- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;

улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuzduk-keeshinin-zhay-kuramy-bekitildi



Добавить комментарий