“Коопсуз шаарды” Ошко тезирээк алып келүүнү суранышууда

14 марта 2019 16:01 1128 Barometr
Поделиться в:
ok

“Коопсуз шаар” долбоорун Ошко тезирээк алып келүүнү суранышууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтер жана ведомство башчылары менен кеңейтилген курамда жыйын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы ишинин негизги багыттарын талкуулаган учурда маалымдады.

“Быйыл “Коопсуз шаар” долбоорун Бишкекте баштадык. Биздин максат мына ушуну улантып, азыр экинчи этабына тендер жарыяласак дейбиз. Бишкектеги тартипти көрүп алып, Ош шаарындагы биздин жарандарыбыз айтып жатат. “Тезирээк Ошко баштабайсыңарбы?”, - деп. Көрдүңөрбү? Жакшы нерсеге баары бир элибиз суусап калган. Ошон үчүн тез арада биз Ош, Жалал-Абад чоң-чоң шаарларыбызды, трассалардын баарын тең бүтүп, быйыл Кудай буюрса Бишкекти бүтүп, чоң-чоң шаарларыбызды бүтүрүп,  трассаларыбызды бүтүрүшүбүз керек. Бул да мен ойлойм биздин жарандарыбыздын колдоосуна алынып атат. Эч кандай маселе болбойт”,-деп айтты өкмөт башчы.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaardy-oshko-tezireek-alyp-keln-suranyshuuda



Добавить комментарий