Бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору Жогорку Кеңеште талкууланат

19 декабря 2018 10:44 1087 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин күн тартибине биринчи болуп "Коопсуз шаар" долбоору киргизилди. Буга чейин бул маселе эң акыркы болуп, улам артка жылып келеген. 

Сессияда буга чейин долбоор тууралуу учкай гана сөз болуп, депутаттардын арасында бул маселе "атайын акыркы болуп коюлуп, кенен талкуулоого мүмкүнчүлүк берилбей жатат" деген нааразылык да айтылган. Ошондой эле долбоорду азыркы баадан "үч эсе арзан бүткөрсө болмок" деген пикирлер жаралган.

Кошумчалай кетсек, бир нече жылдан бери пландалып келе жаткан  «Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега" радиокуруу ишканасы ишке ашырганы турат. Аталган компания быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде жеңип чыккан.

Бирок тендердин жыйынтыгы соттук териштирүү менен коштолуп, соңунда «Веганын» утушу негиздүү деп табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaar-dolbooru-zhogorku-keeshde-talkuulanat



Добавить комментарий