Коомдук транспорттогу бычакчан киши кармалды

20 ноября 2019 17:16 1698 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 20-ноябрда Бишкек шаарынын коомдук транспортунда жүргүнчү башка жүргүнчүлѳрдү коркутканы туралуу маалымат социалдык тармакта тарады. Бул тууралуу так маалымат билүү үчүн  Barometr.kg маалымат агенттиги  Бишкек шаардык троллейбустар башкармалыгынын жетекчиси Артур Омурзаковго байланыштык. Анын айтымында окуя мындай болгон.

Бүгүн саат 14:00 чамаларында Бишкек шаарындагы №2 троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаева Совет кѳчѳсү менен Киев кѳчѳлѳрүнѳ бурулуп,аялдамадан жүргүнчүлѳрдү алган. Бир аз аядамандан жылганда эркек киши троллейбуска жетишпей чуркап келе жатканын кѳргѳн айдоочу унаасын токтотот. Эркек жүргүнчү троллейбустун ортоңку эшигинен түшѳт. Эшикке жабышып туруп алгандыктан коопсуздугуг ойлогон айдоочу жүргүнчүдѳн эшиктен алыс болуусун суранат. Бирок эркек жүргүнчү айдоочуга сѳгүш сѳздѳр менен жооп берет. Ошол учурда салондо олтурган башка жүргүнчү сѳгүнүп жаткан жүргүнчүгѳ кайрылып, сѳгүнүп жооп берген туура эмес экенин айткан. Ошол маалда сѳгүнгѳн жүргүнчү бычагы кѳрсѳтүп коркуткан.

Бул учурда троллейбус борбордук аянтка жакындап калган. Айдоочу унааны токтотуп, милиция кызматкерлерине жардамга кайрылган. Жеринен бычакчан жүргүнчүнү кармап кеткен. Азыр иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Троллейбус токтоочу жайда. Айдоочу  ШИИБиде иликтѳѳ иштерине катышып жаткандыктан байланыша алган жокпуз.

Ссылка: https://barometr.kg/koomduk-transporttogu-bychakchan-kishi-karmaldy



Добавить комментарий