Контейнер мектептен окуучулар клубга кѳчүрүлдү
Бүгүн Нарын районундагы Кеңеш айылындагы контейнер-мектеп жабылып, окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөт. Бул тууралуу Нарындагы өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев Barometr.kg маалымат агенттигине билдирди.
"3-октябрдан баштап окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөт. Клубдун ичи класстарга бөлүнүп, жылытуучу систем орнотулуп, бардык шарттар түзүлдү. Оңдоп-түзөө иштери аяктаган. Контейнер-мектеп жабылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми Кеңеш айылынын башчысы Уланбек Алсейитов редакцияга мындай маалымат берди.
«Окуучулардын баарын клубга 3-октябрда толук кѳчүрдүк. Алар эки смен менен окушат. Себеби класстар жетишсиз, окуучулар кѳп. Толук оңдоп түзѳѳ иштерин жасадык. Жылуулук системасы кирди. Бирок кээ бир мугалимдер бѳлмѳ аздыгына байланыштуу контейнерде убактылуу кармалышууда» ,-деди.
Эске салсак, окуу жылы башталганда интернет айдыңында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылган сүрөт коомчулукту дүрбөткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/kontejner-mektepten-okuuchular-klubga-kchrld
Добавить комментарий ×