Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Поделиться в:
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жарлык боюнча төмөндөгүлөр токтом кылынат:
- Конституциялык кеңешме тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
- Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн; адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин; мамлекеттик бийлик системасынын; мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзсүн, анын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КРнын Мыйзам долбоору тууралуу сунуштарды КРнын Жогорку Кеңешине киргизсин.
- Конституциялык кеңешме макулдашылган маселелер боюнча кеңешменин ишинин жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында мезгил-мезгили менен чагылдырууну уюштурсун.
- Конституциялык кеңешме өз ишин КРнын Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрөт деп белгиленсин.
Конституциялык кеңешменин катчылыгынын функциялары КРнын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
- КРнын Улуттук илимдер академиясы Конституциялык кеңешмеге иштөө үчүн тийиштүү жай, ал эми анын мүчөлөрүнө имаратка кирүүгө мүмкүндүк берсин.
- Конституциялык кеңешменин ишин уюштуруучулук, усулдук, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу тийиштүү бөлүгүндө КРын Юстиция министрлигине жана КРнын президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
- КРнын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана КРнын Президентинин Аппаратынын басма сөз- кызматтары Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.
- Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И. Бакировго жана КРнын президентинин аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн.
- Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/konstituciyalyk-keeshme-tz-zhnnd-zharlykka-kol-koyuldu
Добавить комментарий ×