Конор менен Хабибдин мушташын тескеген калыс көк бөрүнүн сүрөтүн Instagramга жарыялады

6 января 2020 12:32 18115 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

ММА мушкерлери Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешине калыстык кылган Херб Деан Instagram баракчасына көк бөрү ойноп жүргөн кыргызстандык Кубанычбек Аманбековдун сүрөтүн жарыялады.

Деан ММА спортунда жактырган нерсеси көп кыдырып, эл менен жолугуп жаңы нерселерди үйрөнүү экенин белгилеген.

"Сүрөттөгү бул жигит достору менен ойногон оюндарынын видеолорун көрсөткөн. Бул оюн алардын мамлекеттинде улуттук деп саналат", — деп жазды ал

Өз кезегинде Кубаныч Аманбеков Херб Деандин анын сүрөтүн Instagram  баракчасына чыгарганына сыймыктана турганын Facebook баракчасына жазды. 

"Дүйнөгө белгилүү америкалык калыс Херб Деан өзүнүн Инстаграм баракчасына менин улактагы сүрөтүмдү чыгарды. Көк бөрү оюну биздин улуттук спорт деп көргөзгөм. Абдан жактырган. Бул дагы болсо салым деп эсептейм", — деди Аманбеков.

Белгилей кетсек, Кубаныч Аманбеков Кыргызстанда өткөн WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курларды жасап келет. Андан сырткары ал Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын баласы.

Ссылка: https://barometr.kg/konor-menen-habibdin-mushtashyn-teskegen-kalys-kk-brnn-srtn-instagramga-zharyyalady



Добавить комментарий