Конор Макгрегор инстаграмда 3 миллионго кеме сатып алып бирок Мухаммед Алинин атын туура эмес жазгандыгы үчүн шылдыңга кабылды

30 январь 2019 00:35 5452 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ирландиялык UFCнин белгилүү мушкери Конор Макгрегор 3 миллион фунтка кеме сатып алгандан кийин инстаграмда шылдыңга кабылды. Ал өзүнүн баракчасына жакында суднанын жарнамалык журналын барактап олтурган видеосун жүктөгөн. Бул тууралуу sport-express.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, спортчунун акыркы постунда дүйнөгө белгилүү ошол эле учурда Макгрегордун үлгү туткан боксчусу Мухаммед Алинин сөзү жазылган эле.

Конордун катталуучулары жана окурмандары анын белгилүү америкалык мушкер Мухаммед Алинин атын Мохаммед деп жазып койгонуна маани беришип, аны катуу талкууга алышты.

Айрымдар "атты туура жаз" десе башкалар "сен Алинин атын туура эмес жазып жатасың, намысың жок экен" деген өңдүү түрдүү пикирлерин жазып калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/konor-makgregor-instagramda-3-milliongo-keme-satyp-alyp-birok-muhammed-alinin-atyn-tuura-emes-zhazgandygy-chn-shyldyga-kabyldy



Добавить комментарий