Байге фонду 100 миң сом. “Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” аттуу сынак өтөт

24 мая 2021 18:03 2965 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

КРнын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган “Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” аттуу сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.   

“Уюштуруучулар КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонду, Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык кайрымдуулук фонду жана  КРнын эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы.

Сынакка:

- 16 жаштан 37 жашка чейинки курактагы акындар катыша алышат;

- Тапшырылган ырлардын көлөмүнө чектөө коюлбайт;

- Чыгармалар жазуу түрүндө электрондук вариантта гана кабыл алынат;

- Бир автор бир гана ыр менен катышууга укуктуу;

- Ырлар мурда сынакка катышпаган болушу шарт;

- Чыгармалар Документ Word. (doc же docx) файлдарында шрифт Times New Roman 14 өлчөмүндө, 1,5 аралыкта болуусу керек. Ырлар “Нурборбор” чыгармачылык академиясында кабыл алынып жатат.

Сынактын жалпы байге фонду 100 000 (жүз миң) сом

Баш байге: 15000 (он беш миң) сомдон эки жеңүүчүгө;

1 – орун: 10000 (он миң) сомдон эки жеңүүчүгө;

2 – орун: 7000 (жети миң) сомдон эки жеңүүчүгө;

3 – орун: 5000 (беш миң) сомдон эки жеңүүчүгө;

Кызыктыруучу 12 (он эки) сыйлык 2000 (эки миң) сомдон.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн эске албаганда”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 30-май күнү саат 14:00до Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл багында  концерттик программа менен коштолуп, Таттыбүбү темасындагы ырлар жаңырат.

Ссылка: https://barometr.kg/konkurs-tattybb-kyrgyz-poeziyasynda-attuu-synak-tt



Добавить комментарий