Комузчу Нурзат Орозалиева 44 жашында дүйнѳ салды

12 ноября 2019 10:46 1541 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынынын мугалими, белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева 44 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комузчу  бир нече жылдан бери айыккыс дарт менен алпурушуп жүргөн.

Ал өз чыгармачылыгында Токтогул, Карамолдо, Шекербек, Атай, Ыбырай, Чалагыз сыяктуу белгилүү комузчулардын күүлөрүн жогорку чеберчиликте аткарган.

 Нурзат Орозалиева Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында иштеп, комуз сабагынан берип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/komuzchu-nurzat-orozalieva-44-zhashynda-djn-saldy



Добавить комментарий