Компьютердик оюндардын жаш балдарга зыяндуулугу

23 сентября 2019 16:10 5524 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Компютердик оюндардын жаш балдарга зыяндуулугу. 6-класстагы бала социалдык тармактарда сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүн өзү өлтүргөн, 8-класстагы өспүрүм ата-энеси виртуалдык оюндарды ойнотпой койгону үчүн өзүн өзү өлтүргөн.Техникумда окуган студент кыздар эффективдүү видео үчүн бирге окуган студент кыздар аз жерден өлтүрүп койо ташташты.

Бул акыркы эки айда болгон окуялар. Балдарды кантип сактап калабыз, бул тууралуу Москва шаардык билим берүү департемантинин ишкери Татьяна Коваль кеңеш берет. 

Ал көптөн бери интернет көз-карандыгы боюнча методикалык иштерди алып барат. Көптөгөн ата-энелер билет баласы сутка бою интернетте отурганын. Эмне кылыш керек, телефонун алып койуш керекпи ушунай суроолорго жооп берди.

Татьяна Коваль : 

"Бул туура эмес, натыйжа бербейт.Ата- эне билиш керек эмнеге бул гаджетти сатып берип жатканын. Эгер баласы 1 күндо 1 саат колдонсо бул зыян алып келбейт. Планшет жана компьютер бош убактысынын баардык убактысын ээлесе анда ал бала бара-бара кызыгып, көз-карандылыкка өтөт. Ал 10%-14% өзгөчө өспүрүмдөр көп тартылышат. Эмне үчүн бул оюндар мынчалык атактуу болуп кетишти? Оюндарды кызыгып карап көрсөңүз, ал жерде ар бир жеңиш болсо мактоого арзыйт. Улам-улам өспүрүмдү мактай беришет, мактоого татыктуумун деп өзүн аябай жакшы сезет. Ушул сезим аларды кайра-кайра оюнга кирип ойногусу келип калат. "Сен азаматсын дагы бир баскычка чыктың ! ","Сен кыйынсын өзүңдү сынап көр"-деген ураандар коштоп турат. Өзүнө өзү ишеними күчөп, мактаган сайын өзүн жакшы сезет. Ушул мактоолор үчүн өспүрүм көп нерсеге даяр экенин көрөсүн. Жана ушул мактоолорду аябай баалашат. Ата-энелердин убактысы жок, баласын колдоп, мактап туруга ошондуктан балдар жалгыз калат". 

Кеңеш:

 "Балаңыз менен көп сүйлөшүңүз, ага көп нерсени тыю салбаңыз, болуп жаткан окуяларды айтып, кызыктырып, сураныңыз.Балаңыз өспүрүм эркек бала болсо кыздар менен мамилеси тууралуу сурап, кызыгып туруңуз. "Сен кыйынсың , баарын жеңесиң , -деп кубаттап туруңуз". 

Ата-энелердин суроосу: Оку жайдагы интернетти, вайфайды өчүрүш керек деп сунуш киргизишти.

Татьяна Коваль: 

"Азыркы шаардагы мектептерде электрондук китептер, планшеттер, интерактивный доскалар бар. Байкоо учурунда вайфай өчүрүлсө деле окуучулар танапис учурунда интернетте отурганын көрөбүз. Ал эми кичине балдар арасында суроо жооп учурунда компьютер менен колдонуу балдар арасында мактанаарлык иш экенин белгилешти. Тилекке каршы бул өкүнүчтүү жагдай, балдардын жаш курагы 13 жаштан 18 жашка чейин. Ал оюнда өспүрүм өзүн жакшы сезет. Виртуалдык жашоодо баардыгы оңой, баардыгына уруксат. Уруп сабоо, өлтүрүү, унаа менен тебелеп кетүү эч кандай жазалоо жок. Алар өздөрүн эркин сезип, баатыр катары эркин жана кыйын сезишет."



.

Ссылка: https://barometr.kg/kompyuterdik-oyundardyn-zhash-baldarga-zyyanduulugu



Добавить комментарий