Коронавирус менен күрөшүү үчүн эсепке келген акчадан дарыгерлерге кошумча акы төлөнөт

31 марта 2020 18:44 1430 Barometr
Поделиться в:
ok

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.  

Бул чечимди Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясын жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган депозиттик эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алды.

2020-жыл 31-март 14:30га карата эсептке 61 млн 239 миң 736 сом түштү. Анын 38 млн 559 миң 307 сому өлкө аймагындагы вурус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулган. 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 28-мартындагы буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган.

COVID-19 боюнча иш-чараларды максималдуу ачык-айкын каржылоо, ошондой эле акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы буйругунун негизинде жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү иретинде түшкөн акча каражаттарын, ошондой келип жаткан гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын чечимдери жөнүндө коомчулукка туруктуу негизде маалымдалып турат.

Аталган комиссиянын мүчөлөрү кимдер? Толук маалымат бул жакта.

Ссылка: https://barometr.kg/komissiyanyn-chechimderi-zhnnd-koomchulukka-maalymdalyp-turat



Добавить комментарий