Колго жана бутка кам көрүү эрежелери

10 марта 2022 11:25 2288 Barometr
Поделиться в:
ok

Колго жана бутка ар дайым кам көрүш керек экендигин косметологдор эскертет. Өзгөчө кыш мезгилинде, колубуз  жана бутубуз сууктан, шамалдан бат кургайт. Мындай учурда кандай кам көрүү керек? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таняп "Барометр" билдирет.

Колубузга күнүгө сууктан жана шамалдан коргоочу кремдерди колдонуңуз. Курамында E, A, D болгон кремдерди колдонгон жакшы. Мындай ыкма менен колуңуз менен бутуңуздун кан айлануусун жакшырткан болосуз. Жумасына жок дегенде бир ирет маникюр жасатып туруңуз. Тырнактагы ашыкча эттерди алууда атайын жумшартуучу суюктуктарды колдонгонуңуз жакшы. Терини алгандан кийин сөзсүз колуңузду витаминге бай майлар менен майлап коюңуз.

Эгерде сиздин колуңуздун териси бат кургап, тырнагыңыз сынып жатса, анда төмөнкү кеңештер сизге жардамга келет. Мисалга, Avoplex, OPI фирмасынын косметикалык каражаттары авокадо майынын негизинде жасалгандыктан, терини жылмакай, жумшак кылып коёт.

Мындан сырткары сиз күнүмдүк рационго витаминдерге жана минералдарга бай тамак-ашты колдонуңуз. Аларга: Сыр, жумуртка, гречка, деңиз азыктары, сабиз жана шпинат кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kolgo-zhana-butka-kam-kr-erezheleri



Добавить комментарий