Койдун эти бир жылда 145 сомго, уйдун эти 108 сомго кымбаттады
Бир жылда эттин чекене баасы 36 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” билдирет.
2021-жылдын 14-июлуна карата уйдун эти республикада орточо бир килограммына 464,76 сомдон сатылып жатат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда уйдун эти 108 сомго же болбосо 30,3 пайызга наркын жогорулаткан.
Ал эми койдун эти учурда орточо бир килограммына 488,47 сомдон сатылып жатат. Былтыркы жылдын ушул датасына салыштырганда ал 142 сом сомго же болбосо 41,1 пайызга кымбаттаган.
Эң эле кымбат баадагы уйдун эти Жалал-Абад шаарында-496,23 сом/кг, Нарында - 484,64 сом/кг жана Ошто 482,03 сом/кг. сатылып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kojdun-eti-bir-zhylda-145-somgo-ujdun-eti-108-somgo-kymbattady
Добавить комментарий ×