Кой-Таштагы окуя боюнча биринчи сот отуруму өтүп жатат

3 марта 2020 17:43 538 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуя боюнча сот башталды. Бирок сот иши жабык болгондуктан ага айыпталуучулардын жакындары менен журналисттер киргизилген жок.

Сот ишине мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин да катышып жатканы айтылууда.

Кой-Таш окуясы боюнча жалпысынан 14 киши айыпталып жатат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар. Бирок тергөө менен кызматташкан беш кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат операция уюштурган, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы бул күнү атайын кызматтын бир өкүлү Үсөн Ниязбеков каза болгон. Андан сырткары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Учурда ал Москвада дарыланууда.

Ал эми 8-августта ИИМ жүргүзгөн операцияда Атамбаев багынып берген.

Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashtagy-okuya-boyuncha-birinchi-sot-oturumu-bashtaldy



Добавить комментарий