Кой-Таштагы аскердик бөлүгүнүн башчысы кызматтан кетти

11 августа 2018 02:05 2194 Barometr
Поделиться в:
ok

Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүгүнүн башчысы кызматтан кетти. Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн укуктук камсыздоо жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгыган билдиришкендей, Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүгүнүн башчысы кызматынан алынды.   

Маалым болгондой, буга тийиштиги бар кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кызматынан кыянат пайдаланган, аскерлерди иштөөгө мажбурлаган, мыйзамсыз курал сактаган фактылар боюнча 3 кылмыш иши козголгон. 

Эске салсак, буга чейин  "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп жоокерлердин абалына көңүл бурууга чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashtagy-askerdik-blgnn-bashchysy-kyzmattan-ketti



Добавить комментарий