Курсан Асанов кызматтык милдеттерин так аткарбай Кой-Ташта пиар менен алек болгон

13 августа 2019 18:51 1483 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы кабарлады.

Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө коомдук тартипти орнотуу максатында А.Атамбаев жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Джунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн негизи максаты кан төгүлбөстөн А.Атамбаевдин колго түшүп берүүсүн жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгын баса белгиленген.

Бирок, А.Атамбаев менин сүйлөшүүнүн шарттарына макул болгон жок. Ал атышууга даяр экендигин белгиледи. Ошондо Кашкар Джунушалиев атышуу – бул жакшылыкка алып барбастыгын баса белгилөө менен  өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтуу менен бирге абалды курчутпоону талап кылып,  А.Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген.

Сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда А.Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит  болгон.  Кундуз Жолдубаева: “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз”,- деп айтып жатты. Ошондон кийин гана штурм жасаганга мажбур боло тургандыгы  эскертилип,  дагы 3 мүнөт убакыт берилген.  Үйдүн ичиндеги А.Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде жеке кызыкчылыгын көздөп өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сыртттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов А.Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна, кызматтык ордун таштап пиар менен алектенүү, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.  

Андан сырткары айрым жагдайлар 7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө иликтөө иш-чаралары боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүп жаткандыгына байланыштуу, кошумча маалыматтар текшерилип жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен кээ бир маалыматтар азырынча ачыкталбай тургандыгын да белгилейбиз.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.


Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashta-ish-charalar-myjzam-cheginde



Добавить комментарий