Кой-Ташта Атамбаевдин тарапташтары жыйын өткөрүп жатат
Поделиться в:
Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары парламент тарабынан анын кол тийбестик статусунун алынышына байланыштуу жыйын өткөрүп жатышат.
Чогулгандар парламенттин чечимин мыйзамсыз деп айтышып, ынтымакка жана тынчтыкка чакырышууда.
Бүгүн Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү жолу менен Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу боюнча токтомго добуш берди.
Токтомго каттоодон өткөн 110 парламентчинин ичинен 103 депутат макул деп добуш ыйгарса, 9 эл өкүлү каршы добуш берди.
Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashta-atambaevdin-taraptashtary-zhyjyn-tkrp-zhatat
Добавить комментарий ×