Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды
Бишкекте Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 21-сентябрга саат 10:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.
Айыпталуучу Ф.Баабиевдин жактоочусу Б.Шамбетовдун келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 2020-жылдын 21-сентябрына саат 10:00гө жылдырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/koj-tash-okuyasy-boyuncha-sot-oturumu-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×