Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 28-сентябрга жылдырылды

25 сентября 2020 15:53 475 Barometr
Поделиться в:
ok

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму айыптоочу жана жактоочулар келбегендигинен жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Айыпталуучу Н.Капарбек уулу, жактоочулар Б.Автандил уулу жана З.Жоошевдердин келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 2020-жылдын 28-сентябрына саат 10:00гө жылдырылды", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/koj-tash-okuyasy-boyuncha-sot-oturumu-28-sentyabrga-zhyldyryldy



Добавить комментарий