Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү 14 жарандын иши тергелип бүттү
Ички иштер министрлигинин маалымат казматы кабарлагандай, 2019 жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча кылмышка шектүү 14 жаранга байланыштуу тергөө иштери аяктады.
Ага ылайык, шектүүлөр негизинен бийликти күч менен басып алууга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык баш-аламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча айыпталып жатат.
"14 кишиге шектүү катары маалымат берилип, тергөө амалдарынын аяктаганы тууралуу билдирилди. Кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу иш чаралары башталды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми калган кылмышка шектүүлөр боюнча материалдар өзгөчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки тергөө амалдары уланууда.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-декабрда Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат операция уюштурган, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы бул күнү атайын кызматтын бир өкүлү Үсөн Ниязбеков каза болгон. Андан сырткары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Учурда ал Москвада дарыланууда.
Ал эми 8-августта ИИМ жүргүзгөн операцияда Атамбаев багынып берген.
7-8-августта болгон окуялар боюнча бир нече кишилер менен депутаттар суракка чакырылып, алды үй камагына чыгарылса, айрымдары камакка алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/koj-tash-okuyasy-boyuncha-kylmyshka-shekt-14-zharandyn-ishi-tergelip-btt
Добавить комментарий ×