Кочкордо, Ысык-Атада жер титиреди
Кочкордо, Ысык-Атада жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 22-мартта Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 16:45те КРнын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Ошондой эле саат 18:17де Чүйдө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун "Ысык-Ата" курортунда жана Чүй районунун Арпа-Тектир айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-ysyk-atada-kch-35-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×