Кочкордо айдоочу жылкыны сүзүп, 19 жаштагы кыз каза болду
Поделиться в:
Кочкордо жол кырсыгынан 19 жаштагы кыз каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 23-ноябрда Кочкор районунда саат 22:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) “Нексия” унаанын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен, натыйжада 1 аял киши (2001-жылы туулган) каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган (1993-жылы туулган, 1997- жылы туулган, 1999-жылы туулган).
Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-ajdoochu-zhylkyny-szp-bir-ayal-kaza-boldu
Добавить комментарий ×