Кочкордо дайынсыз жоголгон 11 жаштагы кыз Бишкектен табылды

8 июня 2021 15:46 3900 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 8-июнда Кочкордо үч күндөн бери дайынсыз болуп 11 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Кочкордо дайынсыз жоголгон Арсы айылынын 2010-жылы туулган тургуну Садыкова Айтурганды Бишкетен табылды.

Айрым маалыматтарга караганда, өспүрүм 6-июнь күнү саат 15: 00дө ал такси менен автобекетке жетип андан ары Бишкекке келген.

Бүгүн, ал Батыш автобекетинин жанынан табылып, Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Анын ата-энеси дагы Бишкекте.

Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-11-zhashtagy-ajturgan-dajynsyz-zhogoldu-bishkekte-bolushu-mmkn



Добавить комментарий