Күнүмдүк жашоодогу ден соолук үчүн пайдалуу эрежелерди билесизби?

20 декабря 2022 10:20 3389 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир адамзаты узак жашоо, ден соолукта болуу, сулуу, идеалдуу болууну кыялданат эмеспи.

 Сиздер үчүн күнүмдүк жашоодогу эң жөнөкөй жана пайдалуу эрежелерди адистердин кеңештерине таянып "Барометр" сунуштайт.

1. Ар дайым өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

2. Жумасына 4 жумурткадан ашык жебеңиз.

3. Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

4. Эч качан тамактан кийин жемиштерди жебеңиз. Аларды тамакка чейин жеңиз.

5. Өттө таш пайда болбосун десеңиз эртең менен тамактанар алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

6. Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

7. Бир күндө 10 стакан суу ичиңиз, бул заара чыгаруучу табарсыкта залалдуу шишик пайда болуусун алдын алат.

8. Күнүнө эки чыны кофеден ашык ичпеңиз, бул ич оорусуна алып келет жана уйкуну качырып, кыйнайт.

9. Майлуу тамактарды азыраак жеңиз. Себеби организм майлуу тамактарды 5-7 саатта гана сиңирет, бул аралыкта ыңгайсыздык жана жагымсыздык алып келет.

10. Саат 5тен кийин тамак жебегенге аракет кылыңыз.

11. Бир күндө 8 сааттан аз уктоо мээнин иштөөсүн начарлатат. Түштөн кийин бир аз уктап алуу бир кун бою жакшы маанайды камсыз кылып, жаштыкты узартат.

Ссылка: https://barometr.kg/knmdk-zhashoodogu-den-sooluk-chn-e-zhnkj-erezhelerdi-bilesizbi



Добавить комментарий