Күнүмдүк тиричиликке арналган кеңештер

14 февраля 2019 12:16 1404 Barometr
Поделиться в:
ok

1.Булгаарыдан жасалган сумкаңызга дак түшүп калса, ага уксус менен кадимки сууну аралаштырып дак болгон жерге куюп коюңуз. Бираз убакыттан кийин аны жылуу суу менен жууп койсоңуз, дактан арылган болосуз.

2.Кийимдеги түктөрдү кадимки сакал алган устара менен кырып кетирүүгө болот.

3.Кийимдин жакасын чачты түздөгөнө үтүк менен үтүктөп алуу жетиштүү.

4.Кара джинсы шымыңыздын өңү өчпөсүн десеңиз, аны кир машинеге салып жатканда ага жарым стакан уксусту кошуп жууңуз.

5.Бут кийимиңиз кысып, батпай жатса, ага музду желим баштыкка салып,  ичине салып коюңуз. Муз эрий баштаганда кайра алып коюп, бут кийимиңизди кийип көрсөңүз, анын кеңейип калганын байкай аласыз.

6.Бут кийимиңизге бир нерсе жабышып калса, аны эски тиш щетканы содага аралаштырып тазалап алууга болот.

Ссылка: https://barometr.kg/knmdk-tirichilikke-arnalgan-keeshter



Добавить комментарий