Күнөөлүү болбосо да 46 жыл түрмөдө өлүмүн күткөн адам калыбына келип жатат
Ивао Хакамада 46 жыл абакта болсо, анын 34 жылын адам өлтүргөндөр жаткан бир кишилик камерада өткөргөн. 2014-жылы Хакамада акталып, эркиндикке чыгарылган. Соттун катачылыгынан бактысыз япониялык өмүрүн көп бөлүгүн темир тор артында өткөрдү.
78 жаштагы Ивао эркиндикке чыкканда анын жан дүйнөсү катуу жабыркады. 34 жыл сырткы дүйнө жана өзүнүн тагдыры тууралуу маалымат билбей жатты. Күндө өлүм жазасына тарта турган адамдарды күтүп отурчу.
50 жыл мурда Ивао Хакамада өз өлкөсүнүн ийгиликтүү профессионал боксеру болгон. Бирок анын тагдыры заматта өзгөрдү. 1966-жылы 30-июндагы япониялык компаниялардын биринин ээсинин өлүмүнө айыпталды. Заводе өлгөн адамдын каны чачыраган көйнөк калган. Ал Хакамадга таандык болуп чыкты. Бир туугандары сотко кайрылып, ак экенин далилдей алышкан жок. Акыры 1968-жылдын сентябрь айында Сидзуоке аймактык соту өлүм жазасына өкүм чыгарган.
44 жылдан кийин гана эжеси Хидеко ДНК-тест аркылуу адилеттикке жетти. Анын канынын үлгүсү көйнөктөгүгө эч дал келген жок.
2014-жылдын март айында ал эркиндикке чыкты. Көптөгөн аракеттер, эжесинин жардамы менен көптө калыбына келүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/knl-bolboso-da-46-zhyl-trmd-lmn-ktkn-adam-kalybyna-kelip-zhatat
Добавить комментарий ×