Күндүзгү уйку адам өмүрүнө коркунуч жаратат деди кытайлык окумуштуу Чже Пан
Күндүзү бир сааттан ашык уктоо адам өмүрүнө коркунуч алып келет. Бул тууралуу Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы медициналык окуу жайдын окумуштууларынын MedicalXpress агенттигине берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, узака созулган күндүзгү уйку жүрөк, кан тамыр ооруларын жана башка өнөкөт ооруларды козгойт. Окумуштуулар бул жыйынтыка келерден мурун 313 миң кишиге изилдөө жүргүзгөн. Алардын 39 пайызы жүрөк, кан тамыр оорулары менен ооруганы белгилүү болду. Изилдөөгө күндүзү бир сааттан ашык уктаган ыктыярчылар катышкан.
“Жыйынтык көрсөткөндөй, түнкү уйкусу жакшы эмес адамдар үчүн күндүзгү кыска убакытка (30-45 минут) уктоо жүрөк, кан тамыр системасына оң таасирин берет”, -деди окумуштуу Чже Пан
Буга чейин клиникалык психолог Люция Сулейманова уйкуну азайтуу мээнин бат иштешине алып келип, татаал маселелерди чечүүдө оң таасирин берет деген.
Ссылка: https://barometr.kg/kndzg-ujku-adam-mrn-korkunuch-zharatat-dedi-kytajlyk-okumushtuu-chzhe-pan
Добавить комментарий ×