Өкмөттүн өкүлүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен изделүүдө

2 июль 2019 11:56 8302 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Куткаруучулар Суусамыр өрөөнүндөгү жолдо дайынсыз жоголгон үй-бүлөнү издөө иштерин улантууда.   

Бул Чүй областындагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү болушу ыктымал деп болжоп жатышат. ӨКМ берген маалыматка таянсак, 2-июлда куткаруу иштерине 51 куткаруучу жана 20 жаран тартылды.Унаадагы адамдардын саны укук коргоо органдары тарабынан такталууда.

Чүй областындагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин жоголуп кетишине байланыштуу штаб түзүлгөнүн кабарлашты.

Ссылка: https://barometr.kg/kmttn-klnn-apparat-bashchysy-moldakun-abdyldaev-j-bls-menen-izdeld



Добавить комментарий