Тоолуу аймактарда каар жаап, үшүк жүрөт

13 сентября 2019 17:53 3132 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

15-16-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда кардын жаашы күтүлөт. Кээ бир  аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.
17-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Бишкек-Ош сыяктуу Кыргызстандын тоолуу жолдору аркылуу сапарт тарта турган айдоочуларга КРнын ӨКМ төмөндөгү эрежелерди сактоону сунушайт:
- КРнын ӨКМне караштуу Гидрометерология агенттигинин аба ырайы боюнча маалыматтарына көңүл буруу;
- тоолуу унаа жолдорунан өтүүдө транспорт каражаттарынын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо;
- автоунааларды кышкы колдонууга даярдоо (мисалы, кышкы дөңгөлөктөрдү даярдоо ж.б.)
- жол аптечка, күрөк алып жүрүү.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону, автотранспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыздар, телефон чалуу акысыз.



Ссылка: https://barometr.kg/kmtooluu-ajmaktarda-kaar-zhaap-shk-zhrt



Добавить комментарий